Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүнжетектөөчү адиси1) кесиптик билимдин деңгээли:– жогорку билим – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында2) иш стажы жана тажрыйбасы:– иш стажына талап коюлбайт;3) кесиптик компетенттүүлүгү:– төмөнкүлөрдү билүү:Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:Кыргыз Республикасынын Конституциясы;Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”.Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;– Билгичтиги:жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;командада иштөө;– Көндүмдөрү:ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:Конкурстук комиссиянын атына арыз;Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы сүрөтү менен;Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);Резюме;Паспорттун көчүрмөсүн;Дипломдун көчүрмөсү, мамлекеттик нотариалдык тастыкталган ;Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариалдык тастыкталган;Квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү (эгерде болсо);Компьютердик билимин тастыктаган документтер (бар болсо);Сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);Соттуулугу тууралуу тактама: Керектүү документтерди 2021-жылдын 27-сентябрь саат 18.00гө чейин төмөндөгү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот.720100, Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү-1, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору. Байланыш телефону: (03622) 5-01-54; 5-00-04