КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ

Төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык, Министрликтин кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына квалификациялык талаптар.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топторуна карата жалпы квалификациялык талаптар:

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– “жогорку медициналык билими”,«Экономика жана менеджмент» Экономика, Материалдык-техникалык камсыздоо, Финансы жана кредит, Бухгалтердик эсеп, Анализ жана аудит, Менеджмент, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча;
– мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу (айрым кызматтар үчүн).
2.Кызматы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билүүгө тийиш:
1) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо.
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.
Билгичтиги:
– Статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматты иштеп чыгуу.
– Тесттик, графикалык жана столдук редакторлор менен иштөө.
– Файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү).
– Тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу.
– Дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивдөө).
– Компьютерде жана социалдык тармактарда иштөө: (маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо) (Интернет, электрондук почта ж.б.у.с.):
– Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.
– Ар кандай браузерлер менен иштөө.
– Оргтехника менен иштей билүү
– Көчүрмө машиналар.
– Принтер.
– Сканер.
– Проектор же интерактивдүү доска.
– Факс.

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билими: “жогорку медициналык”; Филологиялык билим берүү багытында «Педагогикалык билим», педагогика; «гуманитардык илимдер» филология, тил илими, аймак таануу, юридикалык багыттары боюнча;
2. Иш стажы:
– иш стажы талап кылынбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо.
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.
Билгичтиги:
– Статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматты иштеп чыгуу.
– Тесттик, графикалык жана столдук редакторлор менен иштөө.
– Файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү).
– Тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу.- Дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивдөө).
– Компьютерде жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо) (Интернет, электрондук почта ж.б.):
– Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.
– Ар кандай браузерлер менен иштөө.
– Оргтехника менен иштей билүү
– Көчүрмө машиналар.
– Принтер.
– Сканер.
– Проектор же интерактивдүү доска.
– Факс.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
– жеке арыз;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– аскердик билеттин көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага (скоросшиватель) салынып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана медициналык билим берүү башкармалыгына 2022-жылдын 20-июлунан 29-июлуна чейин дареги: Бишкек ш., Москва көч., 148, №2 кабинет (саат 9.00дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 660548.
Билдирүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин www.med.kg, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg сайттарында жайгаштырылган.
Эскертүү: Талаптарга жооп берген катышуучулар сынакка катышууга чакырылат. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почталар көрсөтүлүшү керек.