Көк-Жаңгак шаардык кеңештин кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына конкурс жарыялайт.

 

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:  

Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: Мамлекеттик жана муниципалдык
башкаруу,  юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык,
гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес
же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасыны Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамы;
  3. КРнын Эмгек кодекси;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын мыйзамы;
  5. “ Мамлекттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө ” КРнын Мыйзамы;
  6. “ Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө ” КРнын Мыйзамы;
  7. “ Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  8. “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  9. “ Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө ” КРнын Мыйзамы;
  10. “ КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
    жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин статусу жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештерди шайлоо жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Инвестиция жөнүндө” Мыйзамы;

 

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык)
жана расмий тилдерди;

 

– Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп
чыгуу;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн
жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз
убагында көрө билүү жана чечүү;
– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн
мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

– Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада
колдоно билүү;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын,
кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында
сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
– компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык
продуктуларды колдоно билүү.

Кенже  муниципалдык  кызмат орундарынын топтору үчүн;

 

Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча:  Мамлекеттик жана муниципалдык
башкаруу,  юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык,
гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт;

Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
–  КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
мыйзамдары.

 

– Билгичтиги:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;
– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштөө.
– Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды
колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же
соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
– паспорттун көчүрмөсүн;
– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган
документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы,
илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү
нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан
күбөлөндүрүлөт);
– сунуш каттарын (мүмкүн болушунча).

          Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

 

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин шаардык кеңеште кабыл алынат.

Дареги: Көк-Жаңгак шаары, Буль. 40 лет Октября 4 көчөсү 1-кабат. (0771175495)