Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын мамлекеттик жарандык кызматтын башкы,
улук жана кенже муниципалдык кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү
үчүн ачык сынак жарыялайт
Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын
Министирлер Кабинети жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында
турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароонун
тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү
жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү
боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
кесиптик билимдин деңгээли:
– тийиштүү багыттагы жогорку билим;
– экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим;
– айыл чарба багытындагы жогорку билим;
– архитехтура, жол жана курулуш багытындагы жогорку билим;
– табият таануу илимдери багытындагы жогорку билим;
– энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим;
– башкаруу багыттагы жогорку билим ;
– саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;
– гуманитардык багыттагы жогорку билим
– педагогикалык багыттагы жогорку билим;
– социалдык багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем
эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдарды;
 КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча
башкаруу жөнүндө”;
 КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген
“КР мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын
өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосун;
 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
 Кыргыз Республикасынын «Административдик аймактык түзүлүшү жѳнүндѳ»
Мыйзамы;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий
тилдерди.
– билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг
жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн
жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында
көрө билүү жана чечүү;
алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн
мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
– көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды
жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин
стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге
сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө
ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди,
жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик
жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды
колдоно билүү.
Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
 кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим;
– айыл чарба багытындагы жогорку билим;
– архитехтура, жол жана курулуш багытындагы жогорку билим;
– табият таануу илимдери багытындагы жогорку билим;
– энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим;
– башкаруу багыттагы жогорку билим ;
– саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;
– гуманитардык багыттагы жогорку билим;
– педагогикалык багыттагы жогорку билим;
– социалдык багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдарды;
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик
жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы, «Жарандардын
кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
ченемдик укуктук актылары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020 – жылдын 3 – мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү жобо.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий
тилдерди билүү;
– билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада
колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
– көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды
колдоно билүү.
Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– кенже кызмат орундары – муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт)
боюнча жогорку же болбосо атайын орто кесиптик билим; ( гуманитардык, экономика
жана башкаруу).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
мыйзамдарды;
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү Мыйзамы.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий
тилдерди;
– билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
– көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды
колдоно билүү.
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий
тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word,
Excel, САНАРИП, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).
Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага топтоп тапшыруу керек:
-өзүнүн арызы;
-кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок
экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү
(иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү;
Жөнөткөн документтери толук эмес, ошондой эле, белгиленген талапка жооп
бербеген жарандарга конкурска катышууга уруксат берилбейт.
Конкурска катышууга уруксат берилгендерге конкурстун өткөрүлүшүнүн күнү,
орду жана сааты кошумча билдирилет.
Документтерди кабыл алуу Көк-Жаңгак шаардык мэриясында 2022-жылдын 16-
августунан тартып 01-сентябрына чейин кабыл алынат. Дареги: Көк-Жаңгак шаары,
Октябрьга 40-жыл бульвары № 4