улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим (юридикалык багыт боюнча) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; 3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; 4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; 5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Юридикалык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисине: Жер кодексин, Үй-бүлө кодексин, Жарандык жана Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Жамааттар жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”, 2011-жылдын 11-ноябрындагы №733 “КР өзгөчө кырдаалдардын классификациясы” токтомдорун билүүсү зарыл. – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Тоң району, Көл-Төр айылы, И.Бектемиров көчөсү №16. Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күнү кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыӊыздар: (03947) 6-01-82 жана (0705) 12-57-73. Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: Ысык-Кɵл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: