Мамлекеттик кызматка талапкерлердин компьютердик тестирлөөсү убактылуу токтотулду Мамлекеттик кадр кызматы маалымдайт: Өкмөттүн вирустук инфекциянын жайылышына жана массалык түрдө адамдардын чогулушуна жол бербөө боюнча иш-чарасынын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык административдик кызмат орундарына талапкерлердин компьютердик тестирлөөсү убактылуу токтотулду. Буга чейин компьютердик тестирлөөгө катышыш үчүн берилген өтүнмөлөр карантин мөөнөтү бүткөндө өтүү убактысы кайрадан белгиленет. Жазуулар боюнча багыттоо “Ийгиликтүү аймак” USAID долбоору Мамлекеттик кадр кызматына окуу куралдарды тапшырды Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери бир күндүк айлык-акысын коронавируска каршы күрөшүү фондуна которду