Регионалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер менен конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда аңгемелешүү болуп өттү

       КР Мамлекеттик кадр кызматында бүгүн, 2021-жылдын 9-сентябрында КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында Регионалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер менен конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда аңгемелешүү болуп өттү.
        Аңгемелешүүгө 19 талапкер катышты. Алардын 8 талапкери жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчысы кызмат оруна (аким) ат салышса, 11 талапкери жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчысынын орун басары (акимдин орун басары) кызмат оруна ат салышышты.
        Конкурстук комиссиянын курамында Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлеринен тышкары мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, кадыр-барктуу, көз карандысыз серепчилер, КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору жана ЖӨБ Бирлигинин төрагасы бар. Конкурстук комиссияны КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектейт.
        Маалымат иретинде: Региондук резерв — районду белгилөө менен жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.  Региондук резервдин максаты — жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын жана башчылардын орун басарынын кызмат ордуна квалификациялуу жана башкарууга даярдалган кадрларды тартуу.

        КР Мамлекеттик кадр кызматынын пресс-кызматы