Статс-катчылар Клубу тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтуна жардам иретинде кислороддук концентратор жана пульсоксиметр берилди

Азыркы оор кырдаал шартында бүткүл дарыгерлер жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери ар бир бейтаптын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан учурда бардыгыбыз биргеликте тиешелүү медициналык жабдык менен камсыздап берүү зарыл.

Бүгүнкү күндө адам өмүрүнө эң керек делген медициналык аппарат – бул кислород концентратору. Кыргыз Республикасынын статс-катчылар Клубунун атынан курортология Институтуна эки даана кислород концентратору жардам иретинде берилди. Бул медициналык жабдык адам өмүрүн сактоодо өз жардамын берерине ишеним арбын.

Андан тышкары, курортология Институтунун өкүлдөрүнүн өтүнүчү эске алынып, кошумча жардам катары азыркы шартта эң керек медициналык жабдык болуп саналган пульсоксиметр берилди.

Жалпыбызга маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягынан бери пневмания менен ооруган бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту Чүй облусунун Таш-Дөбө (Воронцовка) айылындагы 300 адамга ылайыкташтырылган жайда кабыл алып, дарылоодо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын статс-катчылар Клубу 2011 жылы түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин алгылыктуу өз ишин аткарып келет. Аталган Клуб министрликтердин жана ведомстволордун аракеттеги (учурдагы) жана мурунку статс-катчылардын башын бириктирет.