ГКС КР
Улуттук кадрлар резервинен бир катар дайындоолор жүргүзүлдү

         Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы билдирет: Улуттук кадрлар резервинин катарынан бир катар дайындоолор жүргүзүлдү.

         Алсак, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү Министрлигинин электрондук документ жүргүзүү жана канцелярия бөлүмүнүн башчысы кызмат оруна – Турдубаева Гүлжан Жусуповна дайындалса, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин адам ресурстары жана укуктук камсыздоо Башкармалыгынын башчысы кызмат оруна – Эсенкурманова Гүлназ Эсенкурмановна дайындалды.

         Маалымат иретинде: Улуттук резерв – мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
         Мыйзамга ылайык, жогорку жана башкы кызмат орундарына кадрларды алууда, дайындоо Улуттук жана ички кадрлар резервдеринин катарынан жүргүзүлөт.