Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын ички резерв кадырына конкурс жарыялап берүүңүздү суранабыз. Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине (1 бош орун). Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2020-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; – Компьютер жана мобилдик шаймандар менен, компьютердик жана социалдык тармактарда иштей билүү; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдоно билүү; Ветеринария багыты боюнча административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар: Кесиптик билим деңгээли: – ветеринария багыты боюнча “айыл чарба” тармагындагы жогорку кесиптик билим. Стажы жана иш тажрыйбасы: – иш стажына талап кылынбайт Кесиптик компетенциялар: Билим: Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө”Мыйзамы; “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому: “ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтому. Билгичтик: – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу. Көндүмдөр: – ишкердик жазуу көндүмдөрү; – белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу; – ишкер байланыш ыкмаларын билүү жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү; – компьютерди, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: – жеке арыз; – сүрөт менен кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолбогондугу тууралу маалыматтарды көрсөтүү менен); – акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – Дипломдун кочурмосу ( мамлекеттик нотариус аркылуу куболонтурулгон ); – паспорттун көчүрмөсү; – ден-соолук жөнүндө справка; Конкурска катышуучулардын документтери жарыя берилген күндөн баштап он жумуш күн ичинде Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын имаратында кабыл алынат. 723700. Кыргыз Республикасы. Ош областы Чоң-Алай району Дароот-Коргон а., Сулайманов к. 48 Тел-факс: (03237) 2-20-45 e-mail: chon-alai.ruvfb@mail.ru Жазуулар боюнча багыттоо КР ӨКМине караштуу калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментти ЛЕНИН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН КАДРЛАРДЫН РЕЗЕРВИНЕ КИРҮҮ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ