Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра
иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык
кызматтын
Ысык-Ата райондук ветеринардык башкармалыгы
улук жана кенже мамлекеттик административдик жарандык кызмат
орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак
жарыялайт.
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат
орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын
улук топтору үчүн
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын
кенже топтору үчүн
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө
мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
— Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, оргтехника менен
иштей билүүсү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын
маалыматтык системаларын колдонууну билүүсү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын
улук топтору үчүн (ветеринар)
1. Кесиптик билим деңгээли:
— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку
кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан
1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш
стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билүү:
— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды
идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы
№56 “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби
жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы
№108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын
баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-
мартындагы №98 “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” токтому менен
бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана
кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы
жөнүндө” жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө
мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, тандоо, системалаштыруу жана жалпылдоо,
аналитикалык документтерди даярдо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны
талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу
үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө
көнүмдөрдүн билүү;
Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылары менен иштөө жана аларды тажрыйбада
колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүнтүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон
программалык продуктуларды колдоно билүү;
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын
кенже топтору үчүн (ветеринар)
1. Кесиптик билим деңгээли:
— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку
кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билим:
— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды
идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы
№56 “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби
жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-
мартындагы №98 “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” токтому менен
бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана
кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы
жөнүндө” жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө
мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапатуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу
даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны
талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө;
— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу
үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө
көндүмдөрүн билүү;
Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон
программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын
кенже топтору үчүн (жетектөөчү адис)
1. Кесиптик билим деңгээли:
— эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары, табигый илимдер,
гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогика билим берүү,
экономика жана башкаруу,айыл чарба илимдери, мамлекеттик жана
муниципалдык башкаруу, техникалык илимдери, техносфералык коопсуздук,
жаратылыш жайгашуусу жана гидрометеорология боюнча жогорку кесиптик
билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билим:
— “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-
февралындагы № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык
кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана
иштөөсү жөнүндө” жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-
февралындагы № 25 “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды
төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын
эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгы;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө
мамлекеттик/же расмий тилдерди билүү.
Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу
даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны
талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө;
— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу
үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө
көндүмдөрүн билүү;
Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон
программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
 жеке арызы;
 кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
 резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен);
 өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
 паспорттун көчүрмөсү;
 соттуулугу тууралуу маалымкат;
 нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн
негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар
болсо) көчүрмөлөрү;
 нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек
китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
 окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).
Конкурска катышуу үчүн документтер саат 17:30гө чейин, жарыяланган
күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин (21-ноябрдан 30-ноябрга
чейин) Ысык-Ата райондук ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек
боюнча бирилиш керек: 725000, Кант шаары, Октябрь көчөсү №15А, 2-
кабинет, телефон:0 3132 5 00 95, 0 709 011495.