Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орунуна кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.»Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы).

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топторуна квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
-Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: экономика илимдери (экономика, менеджмент, коммерция, соода бизнеси, экономикалык теория, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, дүйнөлүк экономика, улуттук экономика, экономика жана ишкана башкаруу (тармактар боюнча), бизнес башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу).
иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажы талап кылынбайт.
-Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси;
-Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси;
-Кыргыз Республикасынын салык кодекси;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
-“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”;
-“Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
-“Бийик тоолордо жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө”;
-“Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
-2016-жылдын 19-августундагы №43 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этика кодекси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору;
-2011-жылдын 30-декабрындагы №767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө”;
-2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө”;
-2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”;
-2008-жылдын 23-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө”;
-2017-жылдын 6-январындагы № 8 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
-2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө”;
-2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 “Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө”;
-2019-жылдын 28-январындагы № 17 “Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу”;
-2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо;
-2021-жылдын 24-декабрындагы №338 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу:
-2018-жылдын 25-декабры № 137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө”.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топторуна квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:
— Жогорку кесиптик билим (экология, инженер-эколог, тоо-кен иши, жер казынасын коргоо), бардык багыттар боюнча техникалык илимдер, экономика жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү, юриспруденция. геодезия жана жерге жайгаштыруу, жерге жайгаштыруу жана жер кадастры багыты боюнча, суу ресурстары жана сууну пайдалануу, макроэкономикалык пландаштыруу жана болжолдоо.
иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажы талап кылынбайт.
-Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;
-Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
-“Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө”;
-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
-“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”;
-“Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
-“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
-2016-жылдын 19-августундагы №43 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этика кодекси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору:
— 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө”;
— 2019-жылдын 15-июлундагы № 348 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө”;
— 2012-жылдын 18-февралындагы №108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”;
— 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо;
— 2021-жылдын 24-декабрындагы №338 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жөнүндө жобо;

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топторуна квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:
-Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: биология, химия, география, биоэкология, экология жана жаратылышты пайдалануу, токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү, токой чарбасы, зоотехния.
иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажы талап кылынбайт.
-Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
-“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”;
-“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”,
“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө ”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Балык чарбасы жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Хвостохранилищелер жана тоо-кен калдыктары жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
-Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этика кодекси;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору:
-2013-жылдын 3-майындагы № 224 “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө”;
-2004-жылдын 7-сентябрындагы №668 “Жерге келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө”;
-2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 “Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө”;
-2015-жылдын 23-мартындагы № 143 “Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө”;
-2012-жылдын 18-февралы №108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”;
-2018-жылдын 29-январы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 27-сентябры № 01-9/218 жылдагы буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусунун жана жаратылыш парктарынын токойлорунда кыюу боюнча эреже”;
-2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо;
-2021-жылдын 24-декабрындагы №338 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жөнүндө жобо.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топторуна квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:
-Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: биология, химия, география, биоэкология, экология жана жаратылышты пайдалануу, геология, топурак таануу, токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү, токой чарбасы, зоотехния.
иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажы талап кылынбайт.
-Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
-“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”;
-“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө ”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Балык чарбасы жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Хвостохранилищелер жана тоо-кен калдыктары жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” , “Жайыттар жөнүндө”, «Ичүүчү суу жөнүндө”;
-Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этика кодекси.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору:
-2013-жылдын 3-майындагы № 224 “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө”;
-2004-жылдын 7-сентябрындагы №668 “Жерге келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө”;
-2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 “Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө”;
-2012-жылдын 18-февралы №108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”;
-2018-жылдын 29-январы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
-2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо;
-2021-жылдын 24-декабрындагы №338 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жөнүндө жобо;

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топторуна квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:
-Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: техникалык илимдер (тоо-кен иши, маркшейдердик иш, кен байлыктарды жер астындагы иштетүү, кен байлыктарды байытуу, шахталык жана жер астындагы курулуш, гидротехникалык курулуш, ачык жол менен казып алуу, тоо-кен казып алуу жана нефть жана газ чыгаруунун физикалык процесстери, жардыруу боюнча иш, тоо-кен машиналары жана жабдуулары), геология, пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү, (прикладдык геология, геологиялык чалгындоо технологиясы, тоо-кен же мунай жана газ өндүрүүнүн физикалык процесстери), материал таануу, металлургия жана машина куруу (металлургия, кара, тустуу металлдардын металлургиясы).

иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажы талап кылынбайт.
-Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
-“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”;
-“Жер казынасы жөнүндө”;
-“Хвостохранилищелер жана тоо-кен калдыктары жөнүндө”;
-“Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”;
-“Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”;
-“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”;
-“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
-Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этика кодекси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору:
— 2012-жылдын 18-февралындагы №108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”;
— 2001-жылдын 27-февралындагы №64 “өндүрүштөгү кырсыктарды иликтөө жана каттоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө”;
— 2006-жылдын 22-сентябрындагы №688 “Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө, жардыруу иштеринде жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө, жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу”;
— 2017-жылдын 8-июнундагы № 356 “Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
-2019-жылдын 29-октябрындагы № 576 “Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу”;
— 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 “Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө”;
— 2004-жылдын 5-апрелиндеги №225 “Эмгекти коргоо боюнча кызмат жана ишти уюштуруу жөнүндө типтүү жобону жана Эмгекти коргоо боюнча окутуунун жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгекти коргоо талаптарынын билимин текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
-2018-жылдын 29-январы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
-2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо;
— 2021-жылдын 24-декабрындагы №338 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жөнүндө жобо;
— Бажы биримдигинин техникалык регламенттери жөнүндө:
— “Жардыргыч заттардын жана алардын негизинде жасалган буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” (ТР ТС 006/2011);
— «Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу боюнча” (ТР ТС 010/2011);
— “Жардыргыч чөйрөдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” (ТР ТС 012/2011).

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы билгичтиктер:
-жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-кызматтык милдеттерине ылайык ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
-ишкердик сүйлөшүүлөрүн алып баруу;
-жарандандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
-командалык иш;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-жумушту пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
-башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
-компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы форма боюнча;
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— резюме сүрөтү менен форма боюнча;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 25-марты болуп саналат.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: М. Горький к. 142, 303-б. (Кадр жана документациялык бөлүмү), сурап билүү тел.:540572.