Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Р.М. Алыкуловдун жетекчилигинин астында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын https://etp.okmot.kg/msu сайтында аукциондорду өткөрүү жана Электрондук соода аянтчасына техникалык колдоо көрсөтүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Ошондой эле, жыйындын кароосуна коюлган маселе тиешелүү мамалкеттик органдар менен Агенттиктин кызматкерлери тарабынан талкууланып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Электрондук соода аянтчасына техникалык колдоо көрсөтүү кайсы мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөөрү аныкталды.

Аталган жыйынга төмөнкү мамлекттик органдардар катышышты.

1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги

2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы

3)Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасы

4)Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М.Ж. Омурзаков, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы    Т.Э. Мамасалиева жана жетектөөчү адис Н.М. Саттаров, А.М. Иманбекова,   А.К. Канатбековна, ЖӨБ маселелери боюнча укуктук камсыздоо секторунун башчысы С.Б. Бакасов жана электрондук башкаруу бөлүмүнүн адиси М.Ж. Сакыева ж.б. тийиштүү адистер катышышты.