Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт!

2021-жылдын 23-декабрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын тарых музейинде болушту.

Директор Э.Н. Джантаев баш болгон Агенттиктин жамааты кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн жана өнүгүшүнүн негизги учурлары, кыргыз элинин тарыхтына өчпөс изин калтырган инсандары жөнүндө буга чейин белгисиз кызыктуу маалыматтар менен тааныша алышты.

Агенттиктин жетекчиси, музейдеги экспонаттар менен таанышуу учурунда, тарых музейинин жаңыланып, заманбап жабдуулар менен жасалганы жаш муундардын өз тарыхына, маданиятына болгон кызыгуусунун ойгонушуна себеп болуп, патриоттук сезимди күчөтүүгө түрткү болоорун белгилеп кетти.