Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниясы 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарын коргоо эл аралык күнүндө аяктаган жыл сайын кайталанган эл аралык демилге. Жыл сайын кампаниянын темасы өзгөрүп турат, быйылкы тема “Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү”-деп аталган. Кампания баардык тармактардагы кызыкдар тараптарды, анын ичинде Өкмөттү, жарандык коом уюмдарын, эл аралык уюмдарын, жеке секторду, эл аралык каржы институттарын бириктирип, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иш алып барууга багытталган. Жогоруда аталган иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, БУУнун өкүлдөрү, министрликтер жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев Кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште жактады Агенттиктин директорунун орун басары Байдылдаев Мурат Курманбекович, жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча усулдук колдонмо тууралуу жыйынга катышты