Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Жалал-Абад облусунда өткөн окутуучу семинарга катышты Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Жалал-Абад облусунда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев, Кадр саясаты башкармалыгынын начальниги Мыктыбек Омурзаков, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Жыргал Маратбекова ж.б. кызматкерлер катышты. Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, кадр саясаты, коррупцияга каршы аракеттенүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, катышуучулар менен суроо-жооп форматында пикир алмашуу болду. Жазуулар боюнча багыттоо Жергиликтүү жамааттар өнүгүүнүн негизи