«Санарип аймак» системасын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча жеринде практикалык жардамдар көрсөтүлүүдө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эксперттер менен биргеликте «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасынын модулдарын сапаттуу толтуруу жана маалыматтарды бирдиктүү чогултуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүдө. 2026-жылдын 2–12-июнь күндөрү Агенттиктин адистери Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык иш сапары менен болуп, жооптуу кызматкерлерге системанын модулдарын толтуруу, маалыматтарды жаңылоо, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана маалыматтардын сапатын жогорулатуу боюнча жеринде методикалык жана практикалык жардам көрсөтүштү. Иш-чаралардын алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын жана айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү үчүн окуулар өткөрүлүп, маалыматтарды системага өз убагында жана сапаттуу киргизүү боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилди. Белгилей кетсек, буга чейин 14–15-май күндөрү Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «ЖӨБО электрондук паспорту», «Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри» жана «Жер участокторунун кезектүүлүгү» модулдарын толтуруу боюнча да жеринде практикалык жардамдар уюштурулган. Жүргүзүлүп жаткан иштер «Санарип аймак» системасындагы маалыматтардын тактыгын, сапатын жана актуалдуулугун камсыз кылууга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүнү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Жалал-Абад облусунда өткөн окутуучу семинарга катышты Мамлекеттик органдардагы Этика боюнча комиссиялардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү