Мамлекеттик органдардагы Этика боюнча комиссиялардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылга карата бекитилген иш-планынын негизинде Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмү тарабынан 18 мамлекеттик органда мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин негизги багыттарынын бири мамлекеттик органдардагы Этика боюнча комиссиялардын ишмердүүлүгүн талдоо жана баалоо болду. Анын алкагында комиссиялардын курамынын мыйзам талаптарына ылайык түзүлүшү, алардын ишин жөнгө салуучу регламенттердин болушу, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу деңгээли изилденди.

Мындан тышкары, Этика боюнча комиссиялардын отурумдарын өткөрүү тартиби, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү, кызматтык этика талаптарын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштер, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер арасында этикалык баалуулуктарды жайылтуу боюнча иш-чаралар талдоого алынды.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында айрым мамлекеттик органдарда Этика боюнча комиссиялардын иши активдүү жана системалуу уюштурулгандыгы аныкталды. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгында жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде комиссиялар өз ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзгөн.

Ошол эле учурда мониторингдин жүрүшүндө айрым кемчиликтер да аныкталды. Атап айтканда, 2024–2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Этика боюнча комиссиясы бир дагы жолу отурум өткөрбөгөнү белгилүү болду.

Ошондой эле айрым мамлекеттик органдарда Этика боюнча комиссиялардын ишмердүүлүгү формалдуу мүнөздө жүргүзүлүп, алардын аткарган иштери жана кабыл алынган чечимдери жетиштүү деңгээлде документтештирилбегени аныкталды.

Мониторингдин алкагында Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы да бааланды. Натыйжада, дээрлик бардык мамлекеттик органдарда мыйзамдын 25-беренесинде белгиленген мамлекеттик же муниципалдык кызматка киришкенден же башка кызмат ордуна которулгандан кийин 15 жумушчу күндүн ичинде өздүк кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны берүү боюнча талап толук аткарылбаганы белгиленди.

Белгилей кетсек, мамлекеттик кызматкерлердин этикалык жүрүм-турумун жөнгө салуунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси, ошондой эле «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жана «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзамдары түзөт.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу жана Этика боюнча комиссиялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү сунуштар мамлекеттик органдарга берилди. Бул чаралар мамлекеттик кызматта кызматтык этиканын талаптарын сактоону күчөтүүгө, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга жана мамлекеттик кызматка болгон коомдук ишенимди бекемдөөгө багытталган.