Агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиева Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн GovHR форумуна катышты Форум Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги менен Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан биргелешип уюштурулуп, «Адам. Потенциал. Коомдук баалуулук. Жасалма интеллект жана санариптик трансформация доорунда» деген темада өттү. GovHR форуму мамлекеттик сектордогу адам ресурстарын башкаруу боюнча мыкты тажрыйбаларды алмашууга, алдыңкы технологияларды талкуулоого жана кадрларды башкаруудагы заманбап ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган алдыңкы аянтча болуп саналат. Форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, HR-адистерин, IT-эксперттерди жана санариптештирүү жаатындагы адистерди бириктирип, мамлекеттик башкаруу системасында кадрдык процесстерди трансформациялоодо заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүү маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү. Форумдун алкагында Б.С. Усеналиева «Уюмдук даярдык: санариптик инфраструктура жана потенциал» аттуу II сессияда баяндамачы катары сөз сүйлөп, мамлекеттик органдардын санариптик трансформацияга карата институционалдык жана инфраструктуралык даярдыгы боюнча маселелерге арналган сессияда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасында адам ресурстарын башкарууну өнүктүрүү жана кадрдык процесстерди санариптештирүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле форумдун алкагында Б.С. Усеналиева Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин төрагасынын орун басары Ахмедьяр Алибек Газизулы менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик кызматты өнүктүрүү, адам ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүү, санариптик чечимдерди жана заманбап HR-инструменттерди колдонуу боюнча тажрыйба алмашышты. Ошондой эле мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун, мыкты тажрыйбаларды алмашуунун жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди баалоо, этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча окутуу өткөрүлдү #ТазаКыргызстан #МенПараБербейм #МенПараАлбайм