Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди баалоо, этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча окутуу өткөрүлдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди баалоо тартиби, кызматтык этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча окутуу семинары өткөрүлдү. Окутуунун негизги максаты — кызматкерлердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын терең түшүндүрүү, ошондой эле кызматтык ишмердүүлүктө ачык-айкындуулукту, жоопкерчиликти жана жогорку этикалык стандарттарды бекемдөө болду. Окутуунун жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоонун негизги критерийлери, кызматтык этиканын принциптери жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу механизмдери боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзам талаптарын так сактоонун мааниси өзгөчө белгиленди. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар тарабынан тренерге кызыктырган суроолор берилип, аларга кеңири жана мазмундуу жооптор сунушталды. Мындай формат катышуучуларга практикалык маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү. Аталган окутуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле кесиптик жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. #Корупцияныналдыналуу #Кызматчылардыбаало #Этикаэңнегизги Жазуулар боюнча багыттоо 23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата спорттук иш-чара өткөрүлдү Агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиева Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн GovHR форумуна катышты