23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 жылдыгына арналган спорттук иш-чара өткөрүлдү

2026-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында 23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 жылдыгына арналган спорттук иш-чара уюштурулду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 1-аймактар аралык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан биргеликте өткөрүлдү.

Спорттук мелдешке Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери активдүү катышышты.

Иш-чаранын ачылыш аземине Агенттиктин 1-аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Э.А. Акматалиев, башкы адис Э. Мокешова, жетектөөчү адис Б. Абыкаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышты.

Таймашуулар спорттун беш түрү боюнча өткөрүлдү: кичи футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат жана аркан тартыш.

Кичи футбол боюнча:
1-орун — Жети-Өгүз району
2-орун — Түп району
3-орун — Тоң району

Волейбол боюнча:
1-орун — Каракол шаары
2-орун — Тоң району
3-орун — Түп району

Стол тенниси боюнча:
1-орун — Каракол шаары
2-орун — Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк
3-орун — Тоң району

Шахмат боюнча:
1-орун — Тоң району
2-орун — Түп району
3-орун — Ак-Суу району

Аркан тартыш боюнча:
1-орун — Тоң району
2-орун — Ак-Суу району
3-орун — Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк

Жеңүүчү командалар кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Көчмө вымпел салтанаттуу түрдө Түп районунун командасына тапшырылды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, майрамдык маанайда өттү. Жалпы катышуучулардын саны 168 адамды түздү.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ортосунда ынтымакты, сергек жашоо образын жана командалык духту чыңдоого өбөлгө түзөт

wpChatIcon
wpChatIcon