Агенттик Баткен шаарында окутуучу семинар өткөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Баткен шаарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар уюштурулду. Семинардын негизги максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү, кадр саясатын өркүндөтүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болду. Иш-чарага Агенттиктин Кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Омурзаков жана Агенттиктин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү, кадрларды башкаруу, муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле семинардын жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикалык жүрүм-турум нормалары, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү акыркы мыйзамдык өзгөртүүлөр, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер талкууланды. Семинар суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Мындан тышкары, жергиликтүү деңгээлде кездешип жаткан көйгөйлөр боюнча практикалык сунуштарын жана пикирлерин билдиришти. Мындай окутуу иш-чаралары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Жазуулар боюнча багыттоо Талас облусуна иш сапарынын алкагында Эльчибек Джантаев жана Нишигата Котаро мамлекеттик кызматка кабыл алуу системасын чыңдоо боюнча долбоорду талкуулоо тууралуу Протоколго кол коюшту