Эльчибек Джантаев жана Нишигата Котаро мамлекеттик кызматка кабыл алуу системасын чыңдоо боюнча долбоорду талкуулоо тууралуу Протоколго кол коюшту

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Джантаев менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Нишигата мамлекеттик кызматка кабыл алуу системасын чыңдоо боюнча долбоорду талкуулоо тууралуу Протоколго кол коюшту

Долбоор мамлекеттик кызматка кадрларды тандоо системасын өркүндөтүүгө, компьютердик тестирлөөнү модернизациялоого жана талапкерлердин мыйзамдарды практикада колдонуу жөндөмдөрүн баалоо механизмдерин жакшыртууга багытталган.

Тараптар бул кызматташтык мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана кесипкөй кадрларды тандоо системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

          

wpChatIcon
wpChatIcon