Токмокто 4-июнда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча семинар өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 4-июнда Токмок шаарында Ысык-Ата, Чүй жана Аламүдүн райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн окутуучу семинар өткөрдү.

Семинардын негизги максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү, кадр саясатын өркүндөтүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болду.

Иш-чарада коррупцияга каршы аракеттенүү, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана мамлекеттик кызматтагы этикалык нормаларды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу багыттары талкууланды.

Катышуучулар суроо-жооп форматында маалымат алып, жер-жерлердеги көйгөйлөр боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик кызматтын ачыктыгын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

wpChatIcon
wpChatIcon