Агенттик Окутууларын улантууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2026-жылдын май–июнь айларында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн окуу семинарларын өткөрүп жатат. Семинардын максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, башкаруу системасындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Өткөрүлгөн жана өтүп жаткан семинарлар: Кечээ: Каракол шаары Бүгүн: Балыкчы шаары Негизги программа: Катышуучуларды каттоо, саламдашуу сөзү жана төмөнкү багыттар боюнча баяндамалар: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү жана баалоо системасы Капиталдык салымдар жана курулуштагы көйгөйлөр Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы штаттык саясат жана иш кагаздары Муниципалдык ишканалардын укуктук жөнгө салынышы Жол курулушу жана техникалык камсыздоо маселелери Айыл чарбасын каржылоо жана жеңилдетилген кредиттер Жер ресурстары, трансформация жана инвестиция маселелери Муниципалдык менчик жана каржылык бөлүштүрүү маселелери Семинарларга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, министрликтердин адистери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышууда. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууда Бишкекте “Санарип аймак” системасын толуктоо боюнча окутуу өтүүдө