Бишкекте “Санарип аймак” системасын толуктоо боюнча окутуу өтүүдө

Бүгүн, 26-май күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасынын негизинде бүгүн, Бишкек шаардык мэриясында “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасына маалыматтарды киргизүү боюнча окутуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана тармактык мекемелер менен биргеликте Агенттик тарабынан уюштурулуп, ишке ашырылууда.

Иш-чаранын алкагында:

  1. “Санарип аймак” системасына маалыматтарды толук жана так киргизүү;
  2. жер тилкесине муктаж жарандардын тизмелерин актуалдаштыруу;
  3. муниципалдык мүлктөрдү каттоо иштерин ыкчамдатуу;
  4. мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери каралууда.

Окутууга тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышууда.