Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында 2-окууда каралып, колдоого алынды. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныны долбоору менен төмөнкү айыл аймактардын жана айылдардын аталыштары кайра аталууда: 1) Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы; 2) Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы; 3) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы; 4) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылын Достук айылы; 5) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Чек айылын Ынтымак айылы; 6) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы; 7) Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы; Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп кайра атоо сунушталат. Жогорудагы Мыйзам долбоору 2023-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында 1-окууда колдоого алынган. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүн утурлай өткөрүлгөн майрамдык иш-чарага катышууда Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча Агенттикте Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушуу болуп өттү