Адеми Абдыкулова: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде мониторинг жүргүзүлдү… Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтому менен бекитилген жобого жана 2023-жылдын 31-мартында № 01-13/8 буйрук менен бекитилген Регламентке ылайык жүргүзүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн жобого ылайык Министрликтин 2 ведомство алдындагы түзүмү бар: – Энергетикалык көзөмөл кызматы; – Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча Департамент; Министрликтин структурасы жана штаттык ырааттамасы 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 01-13/104 буйрук менен бекитилген. Министрликтин штаттык саны жана мамлекеттик кызматтардын структурасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтому менен бекитилген ченемдерге туура келет. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгынын негизинде бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жобонун ченемдерине ылайык 4 ачык конкурс өткөрүлгөн. Конкурстун жыйынтыгында 52 талапкер кадрлар резервине киргизилген. Ошондой эле Улуттук кадрлар резервинен 27 талапкер Министрликтин ички резервине киргизилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө Жобонун 12-пунктуна ылайык, ротациялоо теңдеш кызмат орундарына же болбосо бир топтогу кызмат орундарынын чегинде жүргүзүлөт. Бирок кызматчыларды ротациялоодо көрсөтүлгөн ченемди бузуу менен жүргүзүлгөн Министрликте 1 факты, Кызматта 1 факты аныкталды. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-декбарындагы № 356 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүү жүргүзүүнү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун ченемдерин бузуу менен 4 кызматчыга тартиптик жаза колдонулган. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча даярдалган маалымкат аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү сунуштары менен мыйзамда белгиленген тартипте Министрликке жөнөтүлдү. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттиктин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.К. Джээнбаев «Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун мониторингдөө жана баалоо» боюнча эки күндүк тренингге катышты Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасындагы JICA кеңсесинин башчысын кабыл алды