2023-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча окутуу-семинар өткөрүлдү. Окутуу-семинарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү катышышты. Буга чейин, Нарын облусу жана Түп району боюнча пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүдөгү тажрыйбалар боюнча, аталган аймактардын өкүлдөрү презентация жасап, натыйжалары менен бөлүштү. Окутуу-семинардын жыйынтыгында суроо-жооп болуп, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын суроолоруна жооп берилди. Жогорудагы окутуу-семинар түштүк региондор боюнча 2023-жылдын 14-сентябрында Ош облусунда өткөрүлөт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата программасы талкууланууда Сыйлык сиздики, сыймык биздики!