Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында “Аймактарды өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты” аттуу республикалык семинар — кеңешме болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2022- жылдын 5- августунда Ысык-Көл облусунун Жети–Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн базасында республикалык семинар-кеңешме ишин уюштурулду.
Кеңешме 2021-жылы өткөрүлгөн «Мыкты айыл өкмөтү» жалпы республикалык сынагынын жыйынтыгында Кызыл-Суу айыл өкмөтү жеңичүүлөрдүн бири болгондуктан аталган айыл өкмөтүн өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен ири суммадагы каражат бөлүнгөн (2021-жылдын 18 октябры, №240-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тескемеси).
Семинар-кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары -Касымалиев Адыл Алешович Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадиевич жана ошондой эле Агенттиктин кызматкерлери, КР Президентинин Ысык- Көл обулусундагы өкүлү жана жети облустагы КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, акимдер, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен бирге төрагалары, жарандык коом жана ММКлар катышууда.
Жалпы республикалык семинар-кеңешме айыл өкмөттөрдүн, шаарлардын инфраструктурасын, социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга инвестиция тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары арасында алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу максатын көздөйт.