Аксы райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар резервине киргизүү
үчүн
СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу.
Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана
башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем
эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду
боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”
Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»
Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама;
7. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
8. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
9. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик
жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү
жөнүндө” Мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү
адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;
12. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди билүү;
билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
– көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга
тапшырышы зарыл:
1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (мамлекеттик
кызмат ордунун көрсөтүү менен)
2. Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен);
3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
4. Паспортунун көчүрмөсү;
5. Аскердик билетинин көчүрмөсү
6. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу же соттолбогндугу тууралуу
маалыматты көрсөтүү менен);
7. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин
нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
Документтер жарыя чыккандан баштап 10 жумуш күн ичинде төмөнкү дарек боюнча
кабыл алынат: Аксы району, Кербен шаары , Т. Уметалиев көчөсү №147.
Байланыш телефону: (03742) 5-02-80 , 0 507 024 143

wpChatIcon
wpChatIcon