Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына
квалификациялык талаптар
Кенже топ — Улук инспектор (М-А) -1 шт, инспектор (М-А)-1шт
2.1. Кесиптик билим деңгээли:
— Жогорку билим: (Айыл чарба боюнча, ветеринардык).
2.2. Эмгек стажы жана иш тажырыйбасы:
Стаж талап кылынбайт.
2.3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын “Субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды жана азык түлүктөрдү идентификациялоо жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл 29-январь№56 токтому.Билгичтиги:
— Ишти стратегиялык пландаштыруу жана аны чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу, пайда болгон көйгөйлөргө;
— Чечүү үчүн иновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн идөө коюлган милдеттерге;
— Өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу, ведомостволор аралык өз ара аракеттенүү.
Көндүмдөрү:
— Белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, жаңы болгон көйгөйлөрдү
чечүү ыкмалары;
— Ишкер баарлашууну жана кеңешмелерди,жолугушуларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү;
— Компьютердик жана башка орг. техникаларды башкаруу.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар
же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды
тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10
календардык күндүн ичинде саат 8-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу
керек:
Алай району, Гүлчө айылы М.Абдыкапаров көчөсү №21 (Алай райондук
ветеринардык башкармалыгы).
Жарыя mkk.gov.kg жана
gvfi.kg сайттарына илинет.
Сурап билүү телефону: (03234) 5-00-17
Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды
берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.