Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык,Таш-Мойнок айыл өкмөтү ички кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөнкү административдик муниципалдык кызмат ордуна конкурс жарыялайт:
Квалификациялык талаптар
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары – 1 бирдик
1) Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим:
2) Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
– жеке арыз;
– кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
– резюме (электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү менен);
– өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалымат менен);
– негизги жана кошумча билимди тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн;
– паспорттун көчүрмөсү.

Ачык конкурска андан аркы катышууга талаптарга ылайык келген документтерди тапшырган талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл.

• Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат
— https://kyzmat.gov.kg/kg
Конкурска катышуу үчүн бардык каалоочулар документтерди 2026-жылдын 31-июлунан баштап 13-августка чейин тапшыруусу зарыл.
Дарек: Чүй облусу, Аламудүн району, Кой-Таш айылы, Аблесов көч. № 53.
Байланыш тел . 0312 45-28-75, 0500474811
Квалификациялык талаптардын баарына жооп берген талапкерлер конкурска катышуу үчүн чакырылат. Байланыш телефондорун так көрсөтүү зарыл.
Кабыл алынган документтер кайтарылып берилбейт.

wpChatIcon
wpChatIcon