Александровка айыл өкмөтүнүн ички резервине башкы кызмат орду, улук кызмат орду жана кенже кызмат орду боюнча ачык сынак жарыяланат

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли:  башкы, улук кызмат ордуна — жогорку  билим, кенже кызмат ордуна – жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы: 

  • башкы кызмат ордуна – мамлекеттик жана / же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
  • улук кызмат ордуна — мамлекеттик жана / же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  • кенже кызмат ордуна иш стажысына талаптар коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Башкы кызмат ордуна

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этикасы кодексин, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасында иш кагаздарды алып баруу боюнча типтүү инструкциясынын токтомун билүү.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык азыктарды колдоно билүү.

Улук кызмат ордуна

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык азыктарды колдоно билүү.

Кенже кызмат ордуна

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык азыктарды колдоно билүү.

Ачык сынакка катышууга баардык административдик ордундар үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: өздүк арыз, кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен, билими тууралуу диплом ( нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), өмүр баян, резюме, паспорттун көчүрмөсү, эмгек китепчеси (нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), КР ИИМ маалымат борборунан алынган соттолбогондугу тууралуу маалым кат.

Документтер жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Суроолор боюнча кайрылуу дареги: Москва району, Александровка айылы,  Фрунзе көчөсү № 84, тел.:03131 6-99-96