Александровка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча түндүк региондор аралык агенттигинин расмий сайтына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Мыйзамына ылайык Александровка айыл өкмөтүнүн ички резервине улук кызмат орду жана кенже кызмат орду боюнча ачык сынак жарыялана турганы тууралуу  маалымат жайгаштырууну суранат.

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли:  улук кызмат ордуна — жогорку  билим, кенже кызмат ордуна – жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы: 

  • улук кызмат ордуна — мамлекеттик жана / же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  • кенже кызмат ордуна иш стажысына талаптар коюлбайт.

Улук кызмат ордуна

  • төмөнкүлөрдү билүү:
  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  4. “Кыргыз Республикасынын нормативдүү-укуктук актылары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,
  5. “Коррупцияга каршы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын3-мартында №120- токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын алып баруу типтүү инструкциясы (негизги тест боюнча).

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексин, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик  жөлөкпулдар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын; “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасын мыйзамын жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык азыктарды колдоно билүү.

Кенже кызмат ордуна

  • төмөнкүлөрдү билүү:
  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү”

Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык азыктарды колдоно билүү.

Ачык сынакка катышууга баардык административдик ордундар үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: өздүк арыз, билими тууралуу диплом ( нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), өмүр баян, резюме, паспорттун көчүрмөсү, эмгек китепчеси (нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү).

Документтер жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн ичинде кабыл алынат. Суроолор боюнча кайрылуу дареги: Москва району, Александровка айылы,  Фрунзе көчөсү № 84, тел.:03131 6-99-96