Бакай- Ата районунун Озгоруш айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Бакай-Ата районунун Озгоруш айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун (киреше багыты боюнча) ээлөөгө;
– бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун (иш кагаздарын алып баруу,аскердик-эсепке алуу багыты боюнча) ээлөөгө.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;
2) 18 жаштан жаш болбоого;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

1. Киреше багыты боюнча -1 орун;

–Жогорку кесиптик билим;
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө » Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын » Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

2. Иш кагаздарын алып баруу багыты боюнча -1 орун;

— жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жонундо” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2020-жылдын 3- мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жургузуу боюнча типтуу нускамасы

— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:

-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
3. Аскердик-эсепке алуу багыты боюнча -1 орун;

— жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти отоо жонундо”мыйзамын;
• Кызматтык милдеттерди аткаруу учун зарыл богон коломдо мамлекеттик жана расмий тилдерди билуу

— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:

-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Бакай-Ата району, Озгоруш айылы, Манас көчөсү №194, Озгоруш айыл өкмөтүнүн имараты, Тел. 0779 55 36 26 . Моб. 0708 80 96 98