Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

– конкурстун катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык карап чыгуу;

– мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;

— маектешүү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна карата жалпы квалификациялык талаптар:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– социалдык, гуманитардык жана табигый илимдер, экономика жана менеджмент, фундаменталдык информатика, маалыматтык технологиялар жана педагогика жаатындагы жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

-Жогорку билим;

– иш стажына талаптар жок.

 

Жалпы мыйзамдарды билүү:

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

З) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар.

Предметтик мыйзамдарды билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

2) «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

2) «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— жеке арыз; кадрларды каттоо баракчасын; резюме (анын ичинде электрондук почта); автобиография (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).

Документтерди кабыл алуунун  мөөнөтү: сынак жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде. Толтурулган документтер кагаз түрүндө Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына С.Орозбаев көчөсү 3 дареги боюнча саат 8:30дан 17:30га чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн (03944) 5-00-34 телефону аркылуу кайрылыңыз.