Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү муниципалдык административдик бош кызмат орундарын ээлөөгө карата кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөндөгү талаптарга ылайык келиши керек:

  1. Кыргыз Республикасынын жараны;
  2. Жаш курагы — 18 жаштан жогору;
  3. Соттолбогон же соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынган же жоюлган;
  4. Кадрлар резервине киргизүү үчүн, мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келиши керек.
  5. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдары, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  6. Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдары.
  7. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

  1. Улук топтогу (С-Б) административдик муниципалдык кызмат орду (башкы адис)
  2. 1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— гуманитардык илимдер багытындагы филология (кыргыз тили филологиясы), лингвистика (кыргыз тили) боюнча жогорку билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү  иш стажы 3 жылдан кем эмес.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

         Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдары, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

— мекеменин компетенциясына тийиштүү ЧУАлардын долбоорлорун

иштеп чыгуу.

Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

— мамлекеттик тилди окутуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстарды, сабактарды, семинарларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу;

— мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду ж.б. иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу;

— мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү;

— расмий тилдеги тексттерди мамлекеттик тилге өз убагында жана сапаттуу которуу.

 

  1. Кенже топтогу (М-А, М-Б) административдик муниципалдык кызмат орундары (жетектөөчү адис, адис)

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— гуманитардык илимдер багытындагы филология (кыргыз тили филологиясы), лингвистика (кыргыз тили) боюнча жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт .

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

         Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

— мамлекттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

— мамлекеттик тилди окутуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстарды, сабактарды, семинарларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу;

— мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду ж.б. иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу;

— мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү;

— расмий тилдеги тексттерди мамлекеттик тилге өз убагында жана сапаттуу которуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек:

  • Өздүк арызы (муниципалдык кызмат тобун көрсөтүү менен);
  • Таржымал (резюме) сүрөтү менен, электрондук дарегин жана телефон номерин жазуу менен;
  • Өмүр баяны (соттолбогон же соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынган же жоюлгандыгы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
  • Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
  • Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • Паспорттун көчүрмөсү.

Ачык сынакка катышууга квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана чакырылат. Документтер ачык сынак жарыялангандан баштап 10  жумуш күндүн ичинде  Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү-17, 32-иш бөлмөдө кабыл алынат. Иш убактысы 9.00дөн 18.00гө чейин. Байланыш телефону: 51-44-17. Сынак боюнча толук маалымат Бишкек шаарынын мэриясынын жана ММКнын сайттарына жарыяланат.