Бүгүн, Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан Муниципалдык кадрлар резервине киргизүү боюнча аңгемелешүү этабы өткөрүлдү

Аталган резервдерге киргизүү 3 этапта өткөрүлөт:

1-документтерди кабыл алуу.

2-компьютердик тест.

3-аңгемелешүү.

2023-жылдын 22-июнуна (саат 18:00) карата региондук жана муниципалдык кадрлар резервиндеги бир нече кызмат орундарына конкурска катышууну каалаган 75 жаран арыз менен кайрылган. Региондук кадрлар резервине (бир нече позицияларга)-44 арыз жана МКР Муниципалдык кадрлар резервдерине (бир нече позицияларга)- 38 арыз келип түшкөн.

Компьтердик тестилөөгө Агенттиктин Бишкек шаарындагы тестирлөө бөлүмүндө жана филиалдарында 2023-жылдын 31-июлунан 3-августуна чейин жана 7-8 август кундөрү уюштурулган.

Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы менен (2023-жылдын 31-июлунан 3-августуна чейин) ангемелешүү этабына (УКР эске алуу менен) 13 адам (17 позицияларды эске алуу менен) жана муниципалдык кадрлар резервине 17 адамдар (25 позицияларды эске алуу менен) өтүшкөн.

2023-жылдын 19-июнунда жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары-акимдин жана анын орун басарларларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн РКР жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн МКРга конкурс өткөрүү жарыяланган.

Жогоруда көрсөтүлгөн резердерге кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурат.

Жарыя Агенттиктин сайтына жайгаштырылып, документ кабыл алуу 2023-жылдын 20-июндан 22-июнуна чейин жүргүзүлгөн.

Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер жалпы комиссиянын чечими менен атайын буйруктун негизинде аталган резервдерге киргизилет жана Агенттиктин сайтына расмий жарыяланат.