Урматтуу мамлекеттик, муниципалдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келген Жаңы жылыңыздар менен ак дилимден куттуктайм!

Жыл жыйынтыгын чыгарып жатып, 2021-жылдагы бир катар олуттуу окуялар менен катар, биздин Агенттик да кайра түзүлгөндүгүнүн натыйжасында жаңы курамга ээ болду. Албетте, мындай жаңылануу бизге дагы да дем, күч берип, жаңыча көз-караш менен иш алып барууга негизги себептердин бири болуусу керек.

Ал эми Сиздер, урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери, ары түйшүктүү, ары жооптуу кызматыңыздар менен Кыргызстанды экономикасын бекемдөөгө, демократияны тереңдетүүгө, элибиздин жашоосун жакшыртууга бардык күч-аракетиңиздерди жумшап, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз салымыңыздарды кошооруңуздарга толук ишеним бар.

Кирип келген Жаңы жыл ак тилектин, аруу ниеттин, ынтымактуулуктун жана кубанычтын жылы болуп, иштериңиздерди жаратмандык жана чыгармачыл ийгиликтер коштосун! Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, жаркын маанай, тынчылык жана бакубатчылык каалайм!

Урматым менен,   

Директор                                                                      Э.Н. Джантаев

Уважаемые сотрудники органов государственного, муниципального и местного самоуправления!

От имени Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики и от себя лично поздравляю вас с Новым годом!
Подводя итоги прошедшего 2021 года, помимо ряда значимых событий, наше Агентство также получило новый состав в следствии реорганизации. Такое обновление должно быть одной из главных причин, чтобы дать нам больше вдохновения и новую перспективу.
И я уверен, что вы, уважаемые сотрудники государственных и муниципальных служб, продолжите упорно работать над укреплением экономики Кыргызстана, углублением демократии, улучшением жизни нашего народа и внесением вклада в развитие нашей страны.
Пусть наступающий Новый год будет годом добрых пожеланий, благих намерений, гармонии и радости, а ваша работа будет сопровождаться творческими успехами! Желаю Вам и Вашим близким крепкого здоровья, хорошего настроения, мира и благополучия!
С уважением,
Директор                                                                                                        Э.Н. Джантаев