Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы (мындан ары – ЖРЭСКМБ), ЖРЭСКМБнын кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт. Кызмат орундарына коюлуучу талаптар: -КР 21 жаштан кем эмес жараны; -жогорку билимдүү (экономика жана башкаруу, гуманитардык жана социалдык илимдер, юриспруденция). Иш стажы жана тажрыйбасы: -Иш стажына коюлуучу талап жок. Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына билүүгө зарыл Мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы (27.10.2021-ж. №125); – КР Өкмөтүнүн №120 Токтому менен бекитилген 03.03.2020-ж. ишкагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы; – КР “Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы (28.07.2017-ж. №163); – “Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодекси” (10.07.2012-ж. №100); – -КР “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы (19.12.2001-ж. №111); – “ Жөлөкпулдарды жана акчалай компенсациаларды төлөө ирээти жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн Токтому (29.12.2006-ж. №823); – КР “Калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы (03.08.2015-ж. №124). Билгичтиги жана көндүмдөрү: – иш-кагаздарын, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу дайындоо; – кызматтык кат алуушуларды мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопту дайындоо; – нормативдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – компьютер жана оргтехникалык менен билимдүү колдоно билүү; – командада иштөө. Сынакка катышууга зарыл документтер: – өздүк арыз; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); – өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат менен); – билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү – нотариус аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон убакта) – нотариус аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн; – пасторттун көчүрмөсү. Документтер 2023-жылдын 7-июлунан 20-июлуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Жайыл району Кара-Балта шаары Кожомбердиев көч. 67. Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы №9-каб. Тел: (03133) 4-71-78, 3-64-82. Жазуулар боюнча багыттоо Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтү Токмок шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы