ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭКИ АЙЛЫК ИШЕМБИЛИК АЯКТАДЫ Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин эмгек жамааты жалпы республикалык эки айлык ишембиликке активдүү катышты. Аталган иш-чарада агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев баштаган жамаат Чүй көчөсүнөн Кыргыз улуттук драма театрына чейинки “Элдер ынтымагы” скверинде тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин алкагында аймак таштандылардан тазаланып, айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү жана көрктөндүрүү иштери аткарылды. Жалпы республикалык эки айлык ишембиликтин негизги максаты — шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу болуп саналат. #Ишембилик #Тазалык #Биримдик #МамлекеттикКызмат #Бишкек Жазуулар боюнча багыттоо Эльчибек Джантаев Баркат Фазал менен жолугушту Агенттиктин мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн 2026-жылдын I-чейрегиндеги жыйынтыгы