Эльчибек Джантаев Баркат Фазал менен жолугушту

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү доктор Баркат Фазал менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен АКДН ортосундагы узак мөөнөттүү жана натыйжалуу кызматташтык, ошондой эле мамлекеттик кызматты өнүктүрүү, билим берүү, кадрларды даярдоо жана санариптик чечимдерди киргизүү багыттары талкууланды.

АКДН уюмунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, адам капиталынын өсүшүнө жана аймактарды колдоого кошуп жаткан салымы өзгөчө белгиленди.

Тараптар мындан аркы кызматташууну кеңейтүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.

#Кыргызстан #АКДН #мамлекеттиккызмат #кызматташтык #өнүгүү