Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1.Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер,социалдык илимдер,экономика жана башкаруу,педагогикалык билим берүү,табигый илимдер,техникалык илимдер. 2.Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1-жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдын кем эмес. 2.Резервге кирүү үчүн тестке катышууга төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: – Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн; -Паспортунун же өздүгүн күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү; – Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү). Документтерди электрондук түрдө “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталынан Жеке кабинетинен тапшырылат. Документтерди сайтка жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде (22 июндан 03 июльга чейин) Жети-Өгуз райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшыруу керек. Дарек: Жети-Өгуз району,Кызыл-Суу айылы к. Б.Ибраева №64 , Телефондор (03946) 51-6-60 Сурап билүү үчүн байланыш номер: 0 700 74 59 77 Жазуулар боюнча багыттоо Оргочор айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук административдик муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт. Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: