Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине сынак  төмөнкүдөй өткөрүлөт:

-Бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун (жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис) ээлөөгө;

-Бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун (каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы) ээлөөгө;

-Бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобу (жер маселелери боюнча жетектөөчү адис) ээлөөгө;

-Бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобу (иш кагаздарын алып баруу боюнча адис) ээлөөгө;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек;

  • Кыргыз Республикасынын Жараны болууга;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу (С-Б) (жерге жайгаштыруу маселелери боюнча)

-Айыл чарбасы, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, техникалык илимдер жана табият таануу илимдери, юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттагы жогорку билим.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат

жөнүндө” Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары

жөнүндө” Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

-Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси”;

-Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

-Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

-Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо  жана практикада колдонуу;

-Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-Эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу:

Көндүмдөрү:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-Ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-Башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү:

  • Административдик кызмат орундарынын улук тобу (С-А) (Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы)

Кесиптик билимдин деңгээли:

-Экономика жана башкаруу, финансылык  багыттагы жогорку билим;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

  1. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
  2. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодекси”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамдарын;
  5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобосун;
  6. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

-Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

-Тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-Эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

Көндүмдөрү:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-Ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-Башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү:

  • Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (М-А) (жер маселелери боюнча)

-Айыл чарбасы, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, техникалык илимдер жана табият таануу илимдери, юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-Иш стажына талаптар коюлбайт;

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат

жөнүндө” Мыйзамы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

-Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

-Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-Командада иштөө:

Көндүмдөрү:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон  программалык продуктуларды колдоно билүү:

4.Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (М-Б)  (иш кагаздарын алып баруу боюнча адис)

Жогорку же орто кесиптик билим;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-Иш стажына талаптар коюлбайт.

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат

жөнүндө” Мыйзамы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;

Билгичтиги:

-Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

-Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-Командада иштөө:

Көндүмдөрү:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон  программалык

продуктуларды колдоно билүү:

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-Өзүнүн арызы;

-Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок

экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча

билимин (бар болсо) ырастаган документтердин  көчүрмөлөрү;

-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн  эмгек китепчесинин

көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин

көчүрмөлөрү;

-Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды

тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан

күндөн  баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9.00 дан 17.30 га чейин  тапшыруу керек.

 

Дареги: Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Н.Кожомуратов көч №18 Кара-Буура      айыл өкмөтүнүн имараты, тел: 0990 20 13 90