Манас районунун  Кайыңды  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

         Манас районунун Кайыңды айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ( экономика жана статистика боюнча адис) ээлөөгө.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

 1) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (экономика жана статистика багыты боюнча) үчүн:

–Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

— иш стажына талаптар коюлбайт;

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

  1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.

предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Рсмий статистика жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;

—    билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө:

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9:00 — 17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Манас району, Арал,  Маданият № 19, Кайыңды  айыл өкмөтүнүн имараты, Тел.  Моб. 0779609552:0701141473