Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– Административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобун ээлөөгө;
– Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;
– Административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) Соттуулугу жок;
3) 18 жаштан жаш болбоого;
4) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

1)Административдик муниципалдык башкы кызмат орундары үчүн (жалпы мыйзамдарды билүү) төмөнкүлөрдү билүү:
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы ;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө » Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө » Мыйзамы;
8) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
9) Кыргыз Республикасынын » Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
2) Административдик кызмат орундарынын башкы тобу (жооптуу катчы багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
–жогорку кесиптик билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы
ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
ПЖ № 24 Жарлыгыны менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун ;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
• адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү.
— билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

3)Административдик муниципалдык улук кызмат орундары үчүн (жалпы мыйзамдарды билүү) төмөнкүлөрдү билүү:
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө » Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын » Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
4) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
-экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Салык кодексин
• Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк
акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын
стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү.
5) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (чыгаша багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
-экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
6) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
–Жогорку кесиптик билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү.
7) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (киреше багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку билим ;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
8) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (жер маселелери багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
–Айыл чарбасы, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, техникалык илимдер жана табият таануу илимдери, юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттагы жогорку билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

9)Административдик муниципалдык кенже кызмат орундары үчүн (жалпы мыйзамдарды билүү) төмөнкүлөрдү билүү:
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
10) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (киреше багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
– Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
11) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (социалдык коргоо багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
–Жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
12) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (экономика жана статистика багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
–Экономика жана башкаруу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
13) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (киреше багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
–Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
14) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (маалыматтык компьютердик технологиялар багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
–Жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
15) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (аскердик-эсепке алуу столунун инспектору багыты боюнча) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
–Жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндө” мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде саат 8-00 дөн 17:00 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Кара-Буура району, Чолпонбай айыл аймагы, Чолпонбай көчөсү, №115, байланыш телефондору: (0501-06-75-75; 0553-13-10-91)