Аксы районунун Кербен  шаарынын  мэриясы  башкы, улук орундарынын

кадрлар  резервине

ачык  конкурс  жарыялайт!

 

  1. Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

    кесиптик билимдин деңгээли: 

–        жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,юридикалык, финансы-экономикалык, гуманитардык, техникалык, педагогикалык багыттагы);

 

    иш стажы жана тажрыйбасы:

–    мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

 

    Кесиптик компетенттүүлүгү:

       төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөгү” Конституциялык

мыйзамы;

3)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”Кыргыз

Республикасынын Конститутциялык мыйзамы.

4) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

5) Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат  жана муниципалдык

кызмат жөнүндөгү” мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” мыйзамы;

7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамы;

8) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндөгү”

мыйзамы;

9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы

10) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү”

мыйзамы;

11)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы жөнүндөгү” №120 токтому;

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

-Жер Кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы;

– “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”

 

адам ресурстарын башкаруу жаатында;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;

 

Билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

 

Көндүмдөрү:                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

2) Административдик  улук  кызмат  орундарынын  кадрлар  резервине  кирүү  үчүн  стажына  жана  иш  тажрыйбасына  карата  төмөнкү  квалификациялык  талаптар  белгиленет;

 

–    Улук кызматтын  кадрлар  резерви- жалпысынан  1  жылдан  кем  эмес  мамлекеттик

жана/же  муниципалдык  кызматтагы  жыйынды  иш  стажы  же  тийиштүү  кесиптик

чөйрөдө  3  жылдан  кем  эмес  иш  стажы;

 

  1. Кесиптик билимдин  деңгээли:

–    жогорку  билим: – төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: айыл чарба (агроном), жер багытындагы (картограф, жерге жайгаштыруу инженери), табигый илимдер, курулуш, техникалык жана юриспруденция багытындагы.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

–     Төмөнкүлөрдүү  билүү:

 

 

    Кыргыз  Республикасынын  жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын  Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”Кыргыз

Республикасынын Конститутциялык мыйзамы.

  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик  жарандык  кызмат  жана  муниципалдык

кызмат жөнүндө” мыйзамы

  • “Жарандардын кайрылууларын  кароо тартиби  жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы
  • “Кыргыз  Республикасынын  ченемдик  укуктук  актылары  жөнүндө”Кыргыз Республикасынын  мыйзамы
  • “Коррупцияга  каршы аракеттенүү  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2020-жылдын  3-мартындагы  № 120 токтому

 

 

     Тиешелүү  тармактагы  мыйзамдар:

-Бюджеттик Кодекс;

– «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»

-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”

– Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси”

 

Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

   

Көндүмдөрү:  

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                             

 

Сынакка  катышуу  үчүн  документтер:

–   бош  кызмат  ордун  көрсөтүү  менен  жеке  арыз  ( контакттык  телефон  номери,

электрондук почтасын көрсөтүү  менен);

–   кадрларды  эсепке  алуу  боюнча  баракча,  4  даана  3х4  өлчөмүндөгү  сүрөтү

менен;

–   резюме,  сунуш  каттары,  өмүр  баян  (соттолгондугу  жана  соттолбогондугу

жөнүндө  маалымат);

–   билими  жөнүндө,  квалификациясын  жогорулаткандыгы,  илимий  даража  же

илимий  наам  ыйгарылгандыгы  жөнүндө  дипломдордун  көчүрмөлөрү,  эмгек

китепчесинин,  паспортунун  көчүрмөлөрү,  аскер  билетинин  көчүрмөсү

дипломдорунун  көчүрмөлөрү;

 

Эскертүү: Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта өтүнмө бериш керек.

 

 

Сынакка  катышуу  үчүн  керектүү  документтер  жарыя  Кербен шаарынын мэриясынын веб сайтына  жарыяланган  күндөн  тартып  14  календарлык  күндүн  ичинде  төмөнкү  дарек  боюнча  кабыл  алынат.

Кербен  шаары,  Ныязалы  көчөсү  №7,  Кербен  шаарынын  мэриясы,

К.Карабаева Тел: 0771844415