Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт: – бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук кызмат тобун ээлөөгө.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга; 2) 21 жаштан жаш болбоого; 3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. Административдик мамлекеттик жарандык улук кызмат орундары үчүн У-А, У-Б (жалпы мыйзамдарды билүү) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн 1). Кесиптик билим деӊгээли: – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер. 2). Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 үч жылдан кем эмес иш стажы 3). Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүүсү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы – билгичтиги : – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу; – «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди» – көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (уюлдук номерин, электрондук почтаны, жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), – соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымдама – өздүк таржымал (өмүр баян), – негизги жана кошумча билими (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу; – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kg) электрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды 2026-жылдын 8-июндан баштап 17-июнга чейин саат 9-00 дан 17-00го чейин тапшыруу керек Эскертүү: Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Баардык квалификациялык талаптан өткөндөр конкурс өтүү үчүн чакырылат, уюлдук телефон номерин калтыруу зарыл. Дареги: Кочкор району, Кочкор айылы, Касымов көчөсү №61, Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, телефон: (0 3535) 5-03-64, мобилдик номер: 0700852089 Жазуулар боюнча багыттоо Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарына резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт