Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар: – Баардык багыттагы жогорку билим – Стажы жана иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы – Кесиптик компетенттүүлүгү: Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: 1.«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө»; “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»; 3.«Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу»; 4.«Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө; “Аксакалдар соттору жөнүндө”; “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”; 7.«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы N 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестри; Көндүмдөрү: Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; Талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; Башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; Кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; Милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; Мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү; Чыр-чатактарды жөнгө салуу; Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; адистерди башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу Компьютерди жогорку деңгээлде колдоно билүү (Инфодокс электрондук документ жүгүртүү системасында, е-кызмат автоматташтырылган маалыматтык системада жеткиликтүү деңгээлде иштей билүүсүү. Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар; -Баардык багыттагы жогорку билим: -Иш стажы жана тажрыйбасы: Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. -Кесиптик компетенттүүлүгү: Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конститупиясы; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.“Жарандардын кайрылууларыно кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама Предметтик мыйзамдар: «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому. Административдик кызматтын бардык топтору үчүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – Билгичтиги: Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; Аналитикалык документтерди даярдоо; Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; Эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы). Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat ” https://kyzmat.gov.kg/ мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет: Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: – Өзүнүн арызы; – Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – Өмүр баян; – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Паспорттун көчүрмөлөрү; Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Кулактандыруу боюнча 0704783999 телефон номерине кайрылыныздар. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык айыл өкмөт башчысы кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялайт Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде административдик жарандык кызмат орундун улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт